www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кырымдын жана Донбасстын статусу боюнча Украина өз макулдугун бериши керек. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Франциянын LCI телеканалына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости билдирди. «Украина Кырымдын жана эки эгемендүү республиканын макамына макул болушу керек, алардын макамы айдан ачык. Кырым Орусиянын бөлүгү», — деди Песков.
Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү Киевге жеткирген курал-жарак Орусияны токтотууга, Украинадагы өз максаттарына жетүүгө тоскоол боло албайт. Кремлдин өкүлү атайын операциянын башталышы жаңылыштык болбогонун дагы баса белгиледи.
Ал, ошондой эле, Бучадагы жалаа жабууну иликтөө зарыл жана маанилүү экенин, бирок чындап эле калыс жана көз карандысыз иликтөө болушу керектигин белгиледи. Ал Киев жана Черниговдун айланасында Россия Федерациясынын аскердик активдүүлүгүн азайтуу чечими кайра Ыстамбулда жарыяланганын эске салды. Мындай чечим сүйлөшүү иштерине тиешелүү шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Песков дагы эмне деди:
– Орусиянын реалдуу дефолтко учурашына эч кандай негиз жок, бул жагдай Батыш тарабынан жасалма түрдө түзүлдү;
– орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу практикасы улана берсе, Батыш өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелер үзүлүшү мүмкүн;
– АКШнын өзөктүк куралын Польшада жайгаштыруу Орусия үчүн чоң коркунуч болот.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg