www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү өтүнүчүн колдоп, аталган өлкөлөрдүн альянска тез арада кабыл алынышына умтулуу ниетин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бүгүн Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге Түндүк Атлантика альянсына кирүү арыздарын тапшырышты.

"Финляндиянын жана Швециянын НАТОго кирүү боюнча өтүнүчтөрүн колдойм. Бул мамлекеттерди мүмкүн болушунча тезирээк тарыхтагы эң күчтүү коргонуу союзуна алып келүү үчүн АКШ Конгресси жана биздин альянс союздаштары менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөм", — деди Байден.

Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат таратты. Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле.

Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген.

АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө.

Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.

Бул ортодо Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго киришин колдошу үчүн аларды F-35 истребителдерин сатуу программасын кайтарууну, андан сырткары орусиялык С-400 системаларын сатып алуу боюнча санкцияны жокко чыгарууну талап кылган.

Түркиянын мындай билдирүүсүнөн кийин CNN агенттиги Анкара мындай позицияда кете берсе көп өтпөй буга чейин сөз болгондой Түркия НАТОдон чыгарылыш мүмкүн экенин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости