www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго киришин колдошу үчүн аларды F-35 истребителдерин сатуу программасын кайтарууну, андан сырткары орусиялык С-400 системаларын сатып алуу боюнча санкцияны жокко чыгарууну талап кылып жатат. Бул тууралуу РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып жазды.

"Түркия кайрадан F-35 учактарынын программасына катышууну көздөйт, алар аталган программадан ракетадан коргонуучу С-400 системасын сатып алгандан кийин чыгарылган эле. Андан сырткары, Түркия АКШ алардын С-400 ракеталарын сатып алганы үчүн салынган санкцияны алып салуусун каалайт", — деп айтылган маалыматта.

Түркиянын Америкадан аскердик ондогон F-16 учактарын жана жаңылоочу комплекттерин сатып алууга ниеттенип жатканы айтылды.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс мурдараак Түркия аталган эки өлкөнүн Түндүк атлантикалык альянска кириши үчүн кандайдыр бир талаптарды койбогондугун айткан.

Агенттиктин маектешинин айтымына караганда, Анкара Стокгольм менен Хельсинки 2019-жылы ЕБдин башка мүчө мамлекеттери менен кошулуп киргизген куралды экспорттоого койгон чектөөсүн алышы керек деп эсептейт. Мындан сырткары, түрк бийлиги аталган эки өлкө Күрдстан жумушчу партиясын эле эмес, ага байланышкан уюмдарды да сынга алышы керек.

Түркиялык маалымат булактары Анкара Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришине карата позициясын Түндүк Европа мамлекеттери күрд топтору жаатында түрк бийлиги менен тилектешпиз деген тейде коомчулуктун алдында билдирүү милдеттенмесин алмайын өзгөртөт дегени "акылга сыйгыс нерсе" экенин айтышты.

Бул ортодо бүгүн Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү үчүн арыздарын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости