www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү үчүн арыздарын тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Салтанаттын уюмдун Брюсселдеги штаб-квартирасында болгону кабарланды.
Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк атлантикалык альянска кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген.
Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
Орусия президенти Владимир Путин Финляндия башчысы Саули Ниинистё менен сүйлөшкөн. Орусия лидери Финляндиянын коопсуздугуна коркунуч жаралбагандан кийин аскердик нейтралитеттин салттуу саясатынан баш тартуу ката болуп каларын белгилеген. РФ президенти өлкөнүн тышкы саясий курсунун мындай өзгөрүүсү Орусия-Финляндия мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg