www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дача-СУ боюнча комиссиясынын курамын карасам баары эле бийликтин жактоочулары экен. Бул тууралуу юүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сеид Атамбаев билдирди.
Эл өкүлү түзүлгөн комиссиянын курамын сынга алып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевди дагы аталган комиссиянын курамына киргизүү керек экенин айтты.
"Бир тараптуу болуп жатат. Жада калса техникалык адистер жок экен, жалаң эле саясатчы, укук коргоочулар экен. Мурун Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча ушундай комиссия түзгөн, бирок анысынан майнап чыккан жок. Ошол үчүн Замир Жоошевди да кошуп койсоңор жакшы болмок. Өзү дагы суранып жаткан", — деди Атамбаев.
Эскерте кетсек, Дача СУ каргашасы 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү менен келе жаткан Boeing-747 учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Анын кесепетинен айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү каза тапкан.
Өткөн жылдын декабрь айында бийлик Дача СУ каргашасы тууралуу тергөө аяктап калганын билдирген.
Ал эми 10-майда, Президент Садыр Жапаров авиакырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg