www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумушчу топ базарларда кассалык-көзөмөл машинасын колдонбоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомунун графиги боюнча базарлар ККМди үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап колдоно башташы керек эле.

“Биз базарлардын өкүлдөрү менен жолугушуп, жумушчу топ түзүлгөн, азыр анын ишинин алкагында базарларга өзүнчө атайын салык салуу маселеси каралып жатат. Бул жумушчу топтун жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, бирок өзүнчө атайын салык режимин иштеп чыгууда базарлар тарабынан ККМны колдонбоо маселеси да каралат. Бирок бул азырынча чечиле элек жана макулдашуудан кийин маалымат берилет", - деди ал.

Азыркы учурда эки түрдөгү, аппараттык жана программалык ККМ колдонулат. Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат. Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот. Смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы акцияга чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости