www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште айрым бир топтордун кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдардын кабыл алынуу коркунучуна себеп болуучу учурлар өнөкөткө айланып баратат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев билдирди.
Эл өкүлү тийиштүү процедураларды бузуу менен сунушталган айрым мыйзамдарды депутаттар эгер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына байланыштуу болсо колдоп берип жатышканын, бирок бул көрүнүш өнөкөткө айланып калганын айтып, мындайга “чекит коюу керектигин” белгиледи.
Шакиевдин айтымында, сапатсыз, келечекке иштебей турган, убактылуу, айрым бир топтордун кызыкчылыгына иштей турган мыйзамдар кабыл алынып калышы мүмкүн болууда.
“Бизге келген мыйзамдар көпчүлүк учурда керектүү процедураларды, нормаларды бузуп эле келип жатат. Күчкө салып, “Тиги суранды, бул суранды, кабыл алып койбосок болбойт” деп аткаруу бийлиги, президенттин өкүлдөрү, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү эшик каккылап эле келип суранып жатышат”, - деди ал.
Депутат курултай тууралуу мыйзам долбоору четке кагылганын мисал келтирип, аны “эң туура чечим” деп атады.
Парламенттин жыйынына катышып жаткан президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын бул айткандарына комментарий берген жок.
Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети президенттин өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун кезексиз караган.
Натыйжада ал добуш берүүнүн жыйынтыгында өтпөй калганын депутат Медербек Алиев билдирген.
Булак: NazarNews.kg