www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Паспорт жасоо боюнча коррупциянын масштабы өтө чоң

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы бар экенин ачыктады. Иманов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу департаментте күнү-түнү иштеген мафия бар экенин белгиледи. Ошондой эле далилдери бар экенин, аларды жакын ара тийиштүү органдарга тапшырарын айтты. Бул паспорт мафиясы терең тамырлашып кеткен. Ал мамлекетке миллиарддаган зыян келтирүүдө. Алар тынчсызданбастан пара алып, камырабай капталдан иштеп жатышат. Бул тармакты текшерүү керек. Паспорт жасалмалоо боюнча коррупциянын масштабы өтө чоң, миңдеген жасалма паспорттор берилүүдө. Бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда.

Шашылыш режимде 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун үч саат, 2 күн, 4 күн жана 8 күндүн ичинде алууга болот. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы айырмаланат.

2020-жылдын үлгүсүндөгү 34 барактуу жалпы жарандык паспорттун баасы:

8 күн — банктын комиссиясы менен 2 300 сом.

4 күн — банктын комиссиясы менен 2 665 сом.

2 күн — банктын комиссиясы менен 3 010 сом.

3 саат — банктын комиссиясы менен 6 475 сом.

Атын жана улутун өзгөрткөндө:

8 күн — банктын комиссиясы менен 2 400 сом.

4 күн — банктын комиссиясы менен 2 765 сом.

2 күн — банктын комиссиясы менен 3 110 сом.

3 саат — банктын комиссиясы менен 6 575 сом.

Мамлекеттик алымды төлөгөндүктөн, бул кызмат 100 сомго кымбаттады.

Жоголгон жана жараксыз паспортту алмаштыруу

8 күн — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 500 сом.

4 күн — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 865 сом.

2 күн — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 3 210 сом.

3 саат — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 6 675 сом.

Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет. Аны 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери коргойт, когнитивдик басып чыгаруу жана басмалар, суу белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, заманбап материалдар колдонулган. Лазердик технологиянын ыкмасы менен колдонулган жеке маалыматтары бар электрондук чип (түстүү фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оюмдарынын графикалык түзүлүшү) паспорттун негизги коргоосу болуп саналат.

Документтерди каттоо жана биометрикалык паспортторду берүү жашаган жерине карабастан каалаган калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Даярдоо убактысы — 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Элди алдап келаткандар жасаланышы керек, 420 сом боло турган паспортту утуп алган өң тааныштар 165 сомго кымбат, 585 сомдон жасамай болгон. 2018-жылдын октябрында Мамкаттоодо биометрикалык паспорт сатып алуу үчүн 5 чет элдик фирмага 1,2 млрд сомго тендер өткөзүлгөн. Алардын бири 686 млн 772 миң 250 сомго сунуш кылган, бирок тааныштык күч алып 940 млн 150 миң сом бергендер жеңип чыккан. Өң тааныштык менен утуп алган фирманын айырмасы асман менен жердей болду же 253 млн 377 миң 750 сом көп төлөгөн фирма утушка ээ болду.

1 млрд 200 млн сомдук тендерге катышып, паспорттун бланкасына акча төгө турган фирмалар:

- Muhlbauer ID Services GmbH — 686 миллион 772 миң 250 сом;

- Veridos GmbH - 936 миллион 347 миң 750 сом;

-  «Гарсу пасаулис» — 940 миллион миң сом;

- IDEMIA France SAS — 948 миллион 713 миң 750 сом;

-  Казакстандын Улуттук банкнот фабрикасы — 1 миллиард 257 миллион 847 миң  сом.

Мамкаттоодо 130 миң паспорттун бланкасы бар экен, 2019-жылы 2-майда дагы 250 миң даана паспорт түшмөк экен. Ай сайын 32 миң паспорт керектеле турган болсо  380 миң даана паспорт бир топ убакытка жетмек. Демек азыркы өкмөттө да өң тааныштан тышкары коррупция сасып жыттанып турат. Элди алдап миллиарддарды жегиси келгендер «Инфокомдун» жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамкаттоо төрагасынын орунбасары Русланбек Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиевдер болушкан.

Паспорттор чет мамлекеттерде даярдалбай, Кыргызстанда жасалды дегени деле өлкө имиджине, экономикага орду толгус кубаттоо болмок. Кыргыз паспортторунун болгондо да кылмыштуу топтордун колуна тийип калган көрүнүштөрү жакынкы эле эмес, алыскы чет мамлекеттерде да катталып жаткандыгы бийликтин беделине шек келтирүүдө. Мындай жасалма паспорттор 1994-жылкы үлгүдөгү эмес, жакынкы 2 – 3 жылдын ичиндеги эле жаңы паспорттор. Ошондуктан, тамырлашкан коррупциянын тамырын кыркууга эмнеге кайдыгер карашыбыз керек?! Бул мамлекеттин эл аралык аброюна чоң көө жаап жаткан көрүнүш да! Келише алгыс мындай көрүнүштөргө жооп бере турган министрликтер менен ведомстволор, - жетекчиси алмашты, - деп эле суудан кургак чыгып кетпеши керек.

Жергиликтүү жарандардын өздүк документтеринин коопсуздугун камсыздоо максатында жети жылдан бери маселени «жетинчи кабатка» жеткирүү аракетин көрүш керек, - мамлекеттик документтерди даярдоону өлкө бийлиги өз колуна алмайынча чет жерлерде биздин жасалма паспорттор даярдалбайт, - деп ким кепилдик бере алат

Мамлекеттик маанидеги документтердин саны 350дөн ашат. Бирок, мамлекеттик деңгээлде алардын коргоого алынышына жооп берүүчү тарап табылбай жатканы коррупциянын эле айынан. Болбосо, мамлекеттик маанидеги документтер тууралуу мыйзам болушу керек эле. Ал жогунан бул ишти иреттей турган мыйзамдык жол – жоболордун бардыгын «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамга камтууга туура келүүдө.

Ички паспорттордун шек жараткан түрлөрү болбошу үчүн документтин колдонуу мөөнөтү белгиленген. Улам жаңы технологиялык ыкма менен алардын коргоочу белгилери жаңыртылып турат. Мисалы, азыркы биометрикалык паспорттордо жеке маалыматтардан турган чип болгондуктан, аны эч ким жасай албайт. Ошондой эле чет жакка чыгууга ураксаат берген паспорттун түрлөрү 2005 – жылдан бери карай жаңыртыла элек. Бул жагын да ойлонуп,  коргоочу элементтерин жаңыртуу жагы караштырылууда.

Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо «Учкун» ачык акционердик коомунун мүмкүнчүлүгү өтө кеңири. Имарат - жай, андагы иш шарты бардык талаптарга жооп берет. Бирок, ошол ресурстар учурда толук колдонулбай жаткандыгын айткан «Учкун» концернинин башкы директору Даир Кенекеев колдо туруп, колдонулбаган мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирбесе болоорун билдирди. Мисалы, ошол эле «Учкунда» коңшу Казакстан, Өзбекстан менен Түркмөнстандагыдай маанилүү документтерди даярдоо колдон келет. Болгону уруксаат жана берилген бекем ишеним керек. Паспорт тууралуу талкуу болуп жатканда, ага коюлуучу номерлердин иреттүүлүгүн тактап, нумерациялоо иши «Учкун» тарабынан жүргүзүлүп, андан аркысы мамлекеттик каттоо кызматына тапшырылып турса деле отчеттуулукта оңтойсуздуктар жаралбас эле.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости