www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мөндүр жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Эртең, 19-майда жана 21-23-майда Кыргызстандын аймагында жамгырдын нөшөрлөп жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өлкө аймактарында үч күн жамгыр катуу төгүп, тоолуу райондордо кар түшүп, айрым жерлерге мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости