www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн төрт ири мамлекеттик ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берүү тууралуу токтомун жокко чыгаруу керек деген оюн бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Ал аталган ишканалар коррупцияга шектелип жаткан мурдагы жетекчи Алексей Ширшовдун колуна өттү деген пикирин айтып, министрди пландары тууралуу маалымат берүү үчүн парламентке чакырууну сунуш кылды.

«Телеком» менен «Мегаком», макул, Санариптик өнүктүрүү министрлигине багыты жакын. Торпеда, ок-дары чыгарган «Дастан» заводунун эмне тиешеси бар? Ушундай чоң стратегиялык объектилерибизди, банкты, 3 миллион абоненти бар «Мегакомду», ири жер аянты бар «Кыргызтелекомду» Ширшовдун колуна карматпадыкпы. Бул токтомду жокко чыгарыш керек. Акылбек Жапаров ал жерге дата-борбор курабыз деп жатат. «Кыргызтелекомдо» имарат толтура, дата-центр биздин президиумдай жерге эле батат», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости