www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге кайрылып, Орусиядан сатып алган мунайдын көлөмүн көбөйтпөөгө чакырды.
11-апрелде видеобайланыш аркылуу бир саатка созулган сүйлөшүүдө Байден Орусиядан энергия булактарын сатып алуу менен Индия дүйнөдөгү өз позициясын бекемдей албастыгын билдирди.
"Президент Орусиядан энергия булактарын жана башка товарларды импорттоону көбөйтүү Индиянын кызыкчылыгында эмес деп эсептерин так айтты", - деди Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки.
Америка жана башка мамлекеттер Москванын энергетикалык кирешесин чектөөнүн аракетин көрүп жаткан маалда, Индия мунай сатып алууну күчөткөн.
Индия өткөн жумада Орусияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарып жатканда карманып калган 58 мамлекеттин катарына кирген.
Нью-Дели Орусия Украинага кол салган февралдын соңунан бери Москвадан 13 миллион барелл чийки мунай сатып алды. Рейтерстин маалыматына караганда, былтыр бир жыл ичинде Индия Орусиядан 16 миллион баррел гана мунай сатып алган.