www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден менен Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу "Нью-Йорк Таймс" басылмасы жазды.

Белгиленгендей, сүйлөшүүдө лидерлер өлкөлөр ортосундагы мамилелердин негизги аспектилерин жана Украинадагы согушту талкуулашты. Байден өзгөчө баңги өндүрүшүнө каршы күрөш, Жакынкы Чыгыштагы жаңжал, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жана Кытайдын Орусияга колдоосуна токтолду.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин координатору Жон Кирбинин айтымында, президенттер ошондой эле адилетсиз соода саясатын, камакка алынган америкалыктарды жана Америкада ТикТокту блокадалоону талкуулашты.

Байдендин администрациясынын жогорку даражалуу өкүлү сүйлөшүү АКШнын Каржы министри жана Мамлекеттик катчысынын Кытайга сапарынын алдында уюштурулганын айтты. Муну менен Байден Кытайга Орусияга аскердик жардамдын кесепеттери тууралуу да эскерткиси келген.

Эске сала кетсек, буга чейин Кытай лидери май айынын башында Францияга барып, ал жактан президент Эммануэль Макрон менен жолугарын кабарлаганбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости