www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев 4-майга чейин камакта болот. Бул  тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө тобунун жетекчиси камакка алуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы арызды канааттандырды.

Тимур Файзиевге карата кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2023-жылдын октябрь айында кармалган.

Буга чейин 2021-жылдын май айында Тимур Файзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети болгон. Бирок ал борбордо эмес болгондуктан издөөгө алынган. Ишкерге Бишкектин аймагындагы жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш боюнча айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости