www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден ушул жылдын ноябрында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен көзмө-көз жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу «The Wall Street Journal» жазып чыкты.
Кытай бийлиги Чоң жыйырмалыктын же Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгынын саммитинде өтө турган Джо Байден менен Си Цзиньпиндин бетме-бет жолугушуусуна камданып жатканы белгиленген.
Басылманын маалыматына караганда, Кытайдын Коммунисттик партиясынын (ККП) курултайы күзүндө өтөт жана Си Цзиньпин КПКнын лидери катары үчүнчү мөөнөткө ат салышат деп айтылууда.
Эки мамлекет башчыларынын жолугушуусуна камданып жаткан расмийлер Си Цзиньпин адегенде конвенцияны бүтүрүп, андан соң 15-16-ноябрда Балиде өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катышышы керек экенин айтышууда. Ал жактан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бангкокко бара алат.
Бул Кытай лидеринин дээрлик үч жылдагы алгачкы сапары жана президент катары Байден менен биринчи жолугушуусу болору белгиленген. Эки саммиттин биринин алкагында өтүшү мүмкүн болгон жолугушууга даярдык азырынча алгачкы баскычта.
Белгилей кетсек, Кытай менен АКШнын мамилеси АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин 2-августта Тайванга жасаган сапарынан кийин начарлап кеткен. Пекин бул сапарды «Бир Кытай» принцибинин бузулушу жана өлкөнүн мамлекеттик эгемендигине кол салуу катары баалады.
Булак: NazarNews.kg