www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курууга 8,0 га жер трансформацияланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Нариман айыл аймагындагы №232 контурда жайгашкан 8,0 га жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу району “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн которулган (трансформацияланган). Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, индустриалдык-логистикалык борбордун ишке кириши менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлөт.
Индустриалдык-логистикалык борбордун базасында өнөр жайлык-өндүрүштүк компонент катары кургатылган жемиштерди вакуумдук муздатуу жана өзүнчө кургатуу жолу менен өндүрүү ишке киргизилет.
Булак: NazarNews.kg