www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) кызматкерлери мурдагы президент Дональд Трамптын Флоридадагы Мар-а-Лагодогу мүлкүн тинтүү учурунда 11 комплект жашыруун документтерди колго түшүрүштү. Бул тууралуу «The Wall Street» гезити жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, Мар-а-Лаго резиденциясынан документтер, фотосүрөттөр жана жазуулар салынган 20дай кутуча алынган. Алардын арасында Трамптын мурдагы кеңешчиси Роджер Стоунду ырайым кылуу буйругу жана «Франциянын президенти» тууралуу айрым маалыматтар бар.

Жалпысынан 11 комплект жашыруун документтердин, анын ичинде «атайын мамлекеттик мекемелерде» гана сактала турган «өтө жашыруун» деген категориядагы материалдар алынган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-августунда мурдагы президент Дональд Трамп ФБРдин кызматкерлери анын Флоридадагы резиденциясын тинтүүгө алышканын билдирген.

Андан соң Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Флоридада АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын менчигинде өзөктүк куралга байланыштуу жашыруун документтерди издеп жатканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости