www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Мирзиёевге кат жолдоду

АКШ президенти Жозеф Байден Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кат жолдоду. Бул тууралуу Өзбекстандын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Катта Байден Мирзиёевге анын жетекчилиги жана АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди, анын ичинде коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жеке берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирген.

"АКШ үчүн Өзбекстан менен экономикалык жана энергетикалык маселелер боюнча өз ара мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн саясий системасын модернизациялоо жана реформалоо боюнча сиздин аракеттериңизге колдоо көрсөтүү приоритеттүү багыт", - деп жазган Байден.

Ошондой эле, АКШ башчысы АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп баратканына жана 2023-жылы жетишкендиктер дагы да алдыга жылаарына ишеним билдирди.

«Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн аймактык кызматташтыгын кеңейтүү аркылуу коңшу мамлекеттер менен мамилени өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатканыңызды белгилегим келет. Бул аракеттер Борбор Азияда жана анын чегинен тышкары жерлерде гүлдөп-өнүгүүгө жана стабилдүүлүккө олуттуу салым кошууда. 30 жылдан бери биздин өнөктөштүгүбүз Бириккен Улуттар Уюмунун бардык өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо деген негизги принциптеринин негизинде өнүгүп келе жатат", - деп жазган Байден.

АКШ лидери бул баалуулуктарга өз ара берилгендик узак мөөнөттүү келечекте өз ара мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости