www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистан Россия-Украна Киевге курал-жарак бергендигине байланыштуу айтылган сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Пакистандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Зехра Белуч борбор шаар Исламабаддагы жумалык маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Пакистандын Украинага коргонуу продукциясын берип жаткандыгы тууралуу кабардын чындыкка дал келбегендигин айтты.
Пакистандын аскердик кагылышууларга кийлигишпөө боюнча саясат жүргүзгөндүгүн белгилеген Белуч өлкөсүнүн 1 жылдан бери Россия-Украина согушунда бейтарап позициясынан кайткандыгы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды.
Белуч өлкөсүнүн АКШ менен карым-катнаштарына да токтолду.
АКШ менен Пакистандын ортосундагы карым-катнаштардын оң багытта бара жаткандыгын баса белгилеген Белуч Исламабад-Вашингтондун арасында уланып жаткан сапарлардын эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи.
Индия медиасы Пакистандын Украинага Град көп стволдуу ракета атуучу системасы үчүн 10 миң ракета жибергендигин ортого салган.