www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден орус лидери Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин Бээжиндеги жолугушуусунан кийин Орусия менен Кытайдын ортосундагы мамилелерге токтолду. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
Байден Бээжиндеги саммиттен кийин журналисттердин орус-кытай алакалары тууралуу суроосуна жооп берди.
«Мында жаңы эч нерсе жок», - деп билдирди америкалык президент.
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу 4-февралда Пекинде Олимпиада оюндарынын ачылышынын алдында өттү. Орусиянын президенти кытайлык кесиптеши менен болгон жолугушуусунда Орусия менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин болуп көрбөгөндөй мүнөзү тууралуу айтты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аны жылуу, өнөктөш жана союздаш деп атады.
Булак: NazarNews.kg