www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Елизавета II такка отурганынын 70 жылдыгын белгилөөдө

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II өз бийлигинин 70 жылдыгын белгилеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мунун урматына ханыша ишемби күнү Сандрингем-хаус деп аталган резиденциясында коомчулук менен жолугушуу өткөрдү. Андан соң жергиликтүү тургундардын бири дал ушул окуяга арнап жасаган тортту кесип, конокторго таратты.

Ал эми ханышанын өзүнө ал такка алгач отурганда тапшырылган гүлдөрдөн турган букет белек кылышты.

Өлкөдө учурда аба ырайы суук болгондуктан мындай маанилүү юбилейди шаан-шөкөт менен жайында майрамдоо чечими кабыл алынган. Быйыл жыл бою бул майрамдын урматына иш-чаралар өтөт, ири салтанат 2-5-июнга белгиленди.

Эске салсак, Канбийке Елизавета 1952-жылы 6-февраль күнү атасы, падыша Георг VI көз жумганда ханыша болуп келген. Быйыл ал 96га чыгып, Британиянын тарыхында өлкөнү эң узак башкарган монарх болуп келүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости