www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден Орусия менен Украинанын ортосундагы кризис күндөн-күнгө күчөп баратканын айтты. Путин Украинага кол салууну пландап жатканына ишенерин билдирген Байден, мындай чабуул боло турган болсо, Орусияга каршы кеңири санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Байден бул күчтөр Донбасстагы кол салуулар үчүн Украинаны күнөөлөгөнүн жүйө келтирип: "Акыркы убакта Орусия колдогон күчтөрдүн ок атышпоону олуттуу түрдө бузганын көрүп жатабыз", - деди.

Орусиянын да өтө олуттуу жалган маалымат кампаниясын жүргүзүп жатканын баса белгилеген Байден булардын бардыгынын Орусиянын Украинага кол салуу үчүн колдонгон шылтоосу экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости