www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сүйүнбек агай, сиз мамлекеттик кызматты аркалагандан бери ар кандай талкуу жүрүүдө. Дегеле Сүйүнбек Касмамбетов деген ким болгон?

- Түз эле ушинтип сурайсызбы? Туугандар, айрым учурда мамлекеттик катчы кандай касиетке ээ болуш керек, эмнени билиш керек, элге эмнени айтыш керек деген суроолор берилип жатат. Сиз туура белгилеп жататсыз, айрым басылмаларда Батышчыл деп жатаса, кээ бирлери коммунисттик режимди көп жактырат дегенди жазып жатышат.

Мен социалдык тармактагы сайтка биринчи жолу чыгып жатам. Мен силерди олуттуу, басма сөз айдыңында аракеттенип жаткан сайт катары кабыл алам. Биринчиден мамлекеттик катчы албетте жогорку билимдүү, мамлекеттик кызматта тажрыйбасын топтогон, көптү билген, адабиятты, тарыхты, нарк-насилди, үрп-адатты чечмелеп элге түшүндүрүп жеткире алган адам болуш керек деп эсептейм. Мен өзүм ошого жооп бере аламбы же жокпу, аны азыр сиз суроо берип жатып иликтеңиз. Албетте өзүмө-өзүм баа берүүдөн алысмын. Бирок, жогоруда айтып өткөн инсан ошондой сапатка ээ болуш керек.

- Алгачкы суроону бала чактан баштасакпы деп турам, кантсе дагы бала чак өмүрдүн башаты эмеспи...

- Атам, Сапарбек Касмамбетов КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, манасчы, төкмө акын, көптөгөн ырлардын, макалалардын автору, гезит-журналдарга байма-бай жазып турган журналист. Апам, Асангүл Абдыгулова драматург, акын. "Бурулча", "Ыйык эне", "Элес" драмаларын жазып театрларда сахналаштырылган. Менин бир туугандарымдын баары тең журналисттер.

Мен эки кемпирдин баласымын. Эки айлыгымда чоң энем, атамдын бир тууган эжеси алып кеткен экен. Кадимкидей эле айылдык баламын, апамдын чыбыгынан таяк жеп чоңойдум. Бир чөнтөгүмө нан, экинчисине кант салып алып сууга алып барып малып жеген керемет күндөр өттү.

Алтымыштан өтүп калдым, атамды өмүр бою Сапаке деп жүрдүм, жакында эле өтүп кетти. Апамдын алдынан чыгып сүйлөйм, апа деп кайрыла албайм, Абдыгулова деп коём. Эки кемпирдин баласы, эки эгиз кыздын атасы, беш кыздын агасы болуш сыймык. Айымдар дүйнөсүндө айымдарга болгон мамилем аябай назик.

- Айрымдар Батышчыл дегенинен, көрсө сиз кадимки эле айылдын суусуна суугарылып чоңойгон турбайсызбы...

- Бир балалык чагымдан кыскача окуяны айтып берейин. 2-класста окуп жүргөн маалым, күрөң уйум акырда чөп жеп байланып турса, бир кичинекей улак секирип түштү. Мүйүзү менен сүзсө ичегиси сыртка чыгып калды, анан мен: Апа, күрөң уй улакты челип туруп ыргытканда, улактын ичегиси чыгып калды десем, "иий өлүгүңдү көрөйүн алып кел, шоона ала кел" деди. Шоона - бул аттын кынына жасалган шырдак шырыган жип болот. Анан улакты кармап берсем, шоонаны теменеге көзөп улактын ичегисин акырын киргизип, шым бүрөгөндөй эле чыркыратып тигип салды.

1-сентябрга чейин улак жакшынакай болуп айыгып кетти. Агайыбыз үч айлык каникул тууралуу дил баян жаздырса, баягы ичегиси чыккан улак тууралуу жаздым. Сен дил баян эмес, жомок жазып коюпсуң, азыртадан калп айтсаң келечегиң кандай болот деп эки коюп койду. Үйгө барып ушундай ызаланып, улакты көтөрүп алып, ары-бери басам же таң атпайт.

Эрте менен улакты көтөрүп алып шак эле агайдын столунун үстүнө улакты коюп койдум. Агай дагы көз айнегин алып улактын жанына барып карап чын эле мал болуп кетиптир дегенде ошол күндөн тарта мектепте баатыр аталдым. Ошол улак мен кайда барбайын ээрчип жүрдү. 9-классымда килтейген теке болду, дагы деле малга кошулбай аркамдан жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости