www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан "Dan Kolov-Nikola Petrov" эл аралык мелдешинин чейрек финалына чыкты.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында индиялык Сумит менен күрөшүп аны мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Ошондой эле Акжол Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунда грузиялык Бека Мамукашвилини 5:1 эсебинде утуп алды.

Буга чейин Балбай Дордоков "Dan Kolov-Nikola Petrov" эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков коло байгеге татыган.

Эскерте кетсек, "Dan Kolov-Nikola Petrov" эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости