www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Орусиянын Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганы тууралуу билдирүү жасады.

Ал мындай кол салуунун кесепетине жалгыз Орусия жооптуу болорун эскертти.

«Бүгүн түнү бүткүл дүйнө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн негизсиз чабуулунан жапа чегип жаткан Украина элине бейпилдик тилейт. Президент Путин өлүмгө жана азапка алып келе турган согушту атайын тандады. Бул кол салуу алып келе турган өлүм жана кыйроо үчүн жалгыз Орусия жооптуу болот. Дүйнө Орусиянын жооп берүүсүн талап кылат», — деди Байден.

Ал кырдаалга көз салып, Улуттук коопсуздук боюнча командасынан маалыматтарды үзгүлтүксүз алып турарын айтты. Ошондой эле G-7 алкагында башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, андан соң Украинага кол салган Орусияга каршы биргелешкен жооп кайтаруу чечимин кабыл алышарын билдирди.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

24-февралда таңга жуук Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу кылып, Донбаста атайын аскердик операция жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер Референдум делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп жарыялашкан.

Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости