www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Украинада аскердик абал киргизилди

Украинада аскердик абал киргизилди. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский биринчи видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн президент Путин Донбасста аскердик атайын операция өтөөрүн жарыялады.

«Орусия сокку урду. АКШнын президенти Джо Байден жардамды көрсөтөөрүн билдирди.

Коркпогула, биз күчтүүбүз. Биз баарын жеңебиз. Украинага даңк!», - деди Зеленский.

Эске салсак, 21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

24-февралда таңга жуук Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу кылып, Донбаста атайын аскердик операция жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер Референдум делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп жарыялашкан.

Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости