www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти экспорттоого арналган айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдирди.
Билдирүүгө ылайык, мекеме 2022-жылдын 11-февралынан 17-февралына чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 13 миң 718 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.
Өткөн жумага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынан 1 миң 196 тоннага көп экспорттолгон.
Ошондой эле, карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды.
Буга кошо ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.
Булак: NazarNews.kg