www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Тик Токко тыюу салууну жактай турганын айтты

АКШнын президенти Джо Байден Тик Токко тыюу салган документ Конгрессте жактырылса, бул мыйзам долбооруна кол кое турганын билдирди. Бул тууралуу "NBC News" телеканалы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 8-мартта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Коммерция жана энергетика боюнча комитети ТикТокко АКШда тыюу салган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды. Америкалыктарды "чет элдик чабуулчулар башкарган колдонмолордон" коргоону көздөгөн мыйзам долбоорун Висконсин штатынан республикачы Майк Галлахер жана Иллинойс штатынан демократ Раджа Кришнамурти демөөрчүлүк кылышкан.

"Эгер ал өтүп кетсе, мен ага кол коем" деди Байден.

Мыйзам долбоору TikTok компаниясына ээ кытайлык ByteDance компаниясын алты айга колдонмону көзөмөлдөөдөн баш тартууну талап кылат, болбосо Кошмо Штаттарда колдонмого толук тыюу салынышы керек.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Тик Токко тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкканын кабарлаганбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости