www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган отставкага качан кетерин айтты

Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган узак жыл бийликте тургандан кийин 2028-жылы жаңы президенттик мөөнөткө талапкер болбой турганын жарыялады. Бул тууралуу ал кечээ, 8-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Эрдогандын айтымында, өлкөдө үстүбүздөгү жылдын 31-мартында өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо ал катыша турган акыркы шайлоо болот.

"Бул мен үчүн финал. Мага мыйзам тарабынан берилген мандат боюнча бул менин акыркы шайлоом болду. Жыйынтыгында иштер менден кийин келе турган бир туугандарыма өтөт»,-деди Эрдоган.

Белгилей кетсек, муниципалдык шайлоонун алкагында өлкөдөгү муниципалитеттердин башчыларына добуш берүү болот. Алар башкаруучу партия үчүн абдан маанилүү, анткени азыр эң чоң шаарларда – Стамбулда жана Анкарада оппозиция бийликте.

Маалымат үчүн айта кетсек, 70 жаштагы Эрдоган 2014-жылдан бери Түркиянын президенти, 2003-жылдан бери Түркиянын премьер-министри. Өткөн жылдын май айында ал кийинки президенттик мөөнөткө шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости