www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул мыйзам долбоорун Конгресстин эки палатасы тең апрель айынын соңунда карап чыгып, колдоп берген.

Документ Украина менен Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө аскердик жардам көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда, «аталган өлкөлөргө Орусия аскерлери басып кирген учурда президенттин айрым ыйгарым укуктарын колдонбостон эле коргонуу техникасын кредитке берүү жана ижарага берүү мүмкүнчүлүгүн карайт». Мыйзамды Техас сенатору Жон Корнин ушул жылдын январь айында сунуштаган.

Кредиттик лизинг практикасы Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында кеңири тараган. Ал кезде АКШ антигитлердик коалициядагы союздаштарга, анын ичинде Советтер Союзуна курал-жарак жана стратегиялык материалдарды берип турган.

Баса, Байден администрациясынын Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү өтүнүчү Конгресстин кароосунда турат. Анын ичинен 20,4 миллиард доллары Украинага кошумча аскердик жардам берүүгө жумшалмакчы.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости