www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этият болгула! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Ал эми Кыргызгидромет Кыргызстандын аймагында 10-майда күндүз жана 11-12-майда аба ырайы туруксуз болорун эскертет.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

10-14-майдагы туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости