www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер дүйнөлүк экономикага зыян келтирген Батыштын Орусияга карата санкцияларынын кесепети менен бирге күрөшүүсү керек. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын Global Times гезитинин журналисти Ван Цзямейдин жазгандарына таянып кабарлады.

Автордун айтымында, Батыштын Орусия нефтисинен баш тартуусу дүйнөлүк экономиканы мындан ары да туруксуздаштыра бериши ыктымал.

"АКШ жана анын союздаштары Орусияга экономикалык зыян келтирүүгө аракет кылганы менен санкциялар Батыш мамлекеттерине оор залакасын тийгизип калат. Анткени Орусия дүйнөдөгү энергия менен камсыздоочу негизги мамлекеттердин бири", — деген Цзямей.

Анын айтымында, Орусиянын мунайына байланышкан белгисиздик дүйнөлүк рынокто баанын көтөрүлүшүн шарттап, инфляция көйгөйүн күчөтүп жатат. Бул өз кезегинде АКШ жана анын союздаштарынын экономикасы үчүн олуттуу көйгөй жаратышы ыктымал. Батыштын Орусияга каршы санкциялары дүйнөлүк экономика үчүн узак мөөнөткө терс фактор болуп кала берет.

Ван Цзямейдин айтымында, бул глобалдык экономикага олуттуу кесепетин тийгизет. Өзгөчө рынок экономикасы жаңы түзүлүп баштаган жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн оор болот. Мындан улам журналист өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди өзүнүн экономикалык координациясын бекемдөө жолдорун карап чыгууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости