www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинага кошумча жардам берүү жана Киевге баруу өтүнүчтөрүнө так жооп бере алган жок, деп маалымдайт Bloomberg окуядан кабардар адамдарга шилтеме жасап.
Байден менен Зеленскийдин жекшемби күнү бир саатка жетпеген телефон сүйлөшүүсү болду. Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, лидерлер Украина боюнча учурдагы кризисти жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерди улантууну макулдашты.
Кошумчалай кетсек, сүйлөшүү учурунда АКШ лидери Украинанын президентине өз өлкөсүнө каршы мүмкүн болгон ар кандай агрессияга «тез жана чечкиндүү» жооп берүүгө убада берди.
Башка булактын айтымында, Байдендин администрациясы болсо Украинага кошумча экономикалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн «терең» изилдеп жатат.
Булак: NazarNews.kg