www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден: «Зеленский Киевди Орусияга багындырбайт»

Украина аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечимди Зеленский өзү кабыл алышы керек. Бул тууралуу АКШ президенти Джо Байден маалымат жыйын учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.

Журналист ага: «Ок атууну токтотуу үчүн Киев - Украина аймагынын бир бөлүгүн бериш керекпи» деген суроо узаткан. «Бул Украинанын өз чечими болуш керек. Биз Украинанын катышуусу жок ал тууралуу эч нерсе дей албайбыз», — деп жооп айткан Байден.

Ошол эле учурда Байден Киев бул кадамга барбайт деген ишенимде экенин да баса белгилеген. «Алар мындай кылбайт деп ойлойм. Бирок сүйлөшүү болгон, ага мен катышкан эмесмин. Алар чечимди өздөрү кабыл алат», — деген АКШ президенти.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости