www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам дининин таралуу тарыхынан бир шилтем маалымат

1.

Мухаммед пайгамбар өлгөн соң Айшанын атасы (САВдын атасынын бир тууганы) Халиф Абу Бакр ас-Сиддик Халиф болуп, арабдарды толук исламга киргизген. Андан кийинки Умар ибн аль-Хаттаб – 634-644-жылдары, Халиф Усман ибн Аффан - 644-656-жылдары, Халиф Али ибн Абу Талиб – 656-661-жылдары пайгамбарга чындап берилген Халифтер болгон диний саясатты катуу жүргузгөн жана башка элдерди басып алышып, ислам динин зордоп киргизишкен.

Бул Халифтерден кийин Халифатты Омейеддер жана Аббасиддердин династиясы башкарган. Багдад халифаты кулаган соң Египеттеги мамлюктар Аббасиддерди формалдуу түрдө тааныган.

945-жылы Аббасиддердин Халифаты кыйраган.

Осмон империясы Египетти басып алгандан кийин халифатта Осман (түрк) империясынын султандары династиялык жол менен бийлик жүргүзүшкөн.

1924-жылы Халифат өз жашоосун аяктаган, ошону менен укумдан-тукумга өтүүчү халифдик даража да жок болгон...

2.

-- Ислам (покорность” арабча) VII-кылымда, тактап айтканда, 1400 жыл мурда пайда болгон.

-- Ислам дининде пайгамбар деп таанылган Мухаммад ибн Абдуллох--(570-632)- Мекке-курайшы) исламды өзүнүн бир канча таламдаштары менен 609-610-жылдардан баштап динге айландырууну баштаган.

-- 622-жылы Меккеден Мединага көчүүгө (арабча хижра) мажбур болгон. Мединанын элин исламга киргизген.

-- 630-жылы жазда Меккеге келип, каршылыксыз шаарды алган.

-- Мухаммеден кийин Абу Бакр (кайнатасы) халиф (632-634) башка араб элдерин баш ийдирген.

-- Халиф Умар (634-644) 638-жылы Дамаск, 640-жылы Куддус (Иерусалим) Палестина, Сирияны баш ийдирип, күчтүү мамлекетке айландырууга куч жумшаган. 637-жылы Месапоматия менен Иранга жүрүштөр башталган, Сасанийлер мамлекети Ктесифонго кирген, 644-645-жылдары Индиянын чек арасына жакындаган. 640-жылы Арменияны баскан. 639-жылы Мисирге чабуул коюп, 647-жылы Африка тараптагы Тунисти алган.

-- Халиф Осмон (644-656) менен Али (656-661) Кавказ менен Орто Азияга жүруш жасаган. Грузия, Азербайжан Хорасан жерлери арабдардын кол астына өтүп Амударыяга барган.

-- 7-кылымдын аягында 8-кылымдын башында Иранды басып алышкан.

--Орто Азияга кирип, Моваренахр--дарыя ортосундагы жерлерди 8-кылымдын башынан ортосуна чейинки убакта толугу менен басып алышкан. Басып алган жерлерде күч колдонуу, миссионердик ыкма, салык саясаты ишке кирген. Басып алган жердин маданиятын, салтын талкалашкан. Биринчи иретте жазууну билген адамдарды өлтүрүшүп, жазгандарын өрттөшкөн.

-- Ислам дини 9-10 кк. Татарстанда, 10-12-кк. Башкырстанда таркатылган.

-- Казакстан менен Кыргызстанга исламдын киргизилиши 19-кылымга таандык.

-- 11-12 кылымдарда Караханиддердин тушунда да келген бирок ал хан сарайдан сыртка чыкпай, элге жайылбай калган.

Кокон хандыгы тушунда түштүк кыргыздарына жайылган 18-19 кылымда, бирок толук жайылган эмес.

--14 кылымда Кавказдагы кабардиндер, балкарлар, 19-кылымда чечендер, ингуштар кирди.

-- Эгерде Мухаммеддин тушунда ислам динине Араб жарым аралындагы арабдар гана кирсе азыркы учурда дүйнө жүзүндө жашаган 408 этнолингивистикалык топ (М: Түркий, фарсий ж.б.) кирет.

-- Азыр дүйнөдө 7млрддай адам жашаса анын 1млрдга жакыны ислам динин тутунат.

--Мусулман уммасынын мүчөлөрү болгон 41 өлкөдө ислам мамлекеттик дин болуп эсептелип, 19дан ашуун көз карандысыз араб мамлекеттери ислам дүйнөсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп эсептелет.

-- Арабдардын жалпы саны 160 млн адам

-- Ислам дүйнө жүзүнө баскынчылык жана миссионердик жол менен тарап, азыркы учурда Перс булуңунан Түндүк Африка аркылуу батышка барып, Аталантика океанына чейинки 5 миң км. жеткен кеңири аймакты ичине камтыйт.

-- Тынчтык (миссионердик) жол менен Африкадагы Сахара өлкөлөрүнө, Индонезияга, Индокитайга, Филипинге, Кытайга, Россияга караштуу бир топ элдерге, Татарияга, Башкирияга тараган.

--Ислам баскынчылары басып алган жерлериндеги элдердин каада-салты, үрп-адаты менен тартынбай азыктанган, т.а. алар менен айкеш-шайкеш жашап, өмүрүн узарткан, амал-айла менен көндүрүп, исламдагы баалуулуктарды тараткан, жакшылыкка үндөгөн, тарбиялаган. Эгерде ошол учурда азыркыдай сакал койдуруп, юбка кийдирип басмырлап, таңуулай баштаса анда мынча көп элге тарамак эмес.

-- VII-кылымда ислам сүннөтүндө кыймылдар, багыттар пайда болуп бөлүнүп-жарылуу башталган. Ошентип исламда сүнөттөр жана шиитер деп аталган эки топ ошол күндөн азыркыга чейин тил табыша албай келет. Бул бөлүнүп-жарылуу Иран, Ирак аркылуу өтуп, Кавказ элдеринде, Авганистанда, Дагестандагы (лезгин) Газда, Индияда. Тажикстанда (Горный Бадахшан)

-- Сүнөттөр Борбордук Азияда, Индияда, мурдагы Осмон империясы басып алган жерлерде бар. (Оттоманской империи).

Араб халифатынын, Осмон империясынын доору өттү

-- Х1Х-ХХ-кылымдарда ислам мамлекетеринин көпчүлүгү европа мамлекеттери тарабынан колониялык жана жарым колония болуп, АКШга аскердик, экономикалык жана финансылык жактан көз каранды блду. Ошентип, ислам дүйнөсүндө модернизм башталып (жаңылоо), секталар, агымдар жайнады...

-- Андан кийин диний экстремизм (аша чабуу, кескин чараларды колдонуу), андан соң батыштын баалуулуктарына жана тескери таасирлерине чыдай албоочулуктун айынан ислам терррорчулугу пайда болду.

1927-ЖЫЛЫ Индияны бөлуп-жаруу үчүн тыңчы, подполковник, аскер казармасынын коменданты англичанин Эдвард Лоуренс Кендехелевини марионетка катары колдонуп Таблиги жамаат сектасын уюштургун. Индия Англиянын колониясынан бошонгондон кийин, англичандар Таблигчилерди Пакистандын Райванде шаарына көчүрушүп, штаб-квартирасын орнотушкан.

Англичандар Индияда мындан тышкары исламдагы “Ахмадия сектасын жаратышкан. Индустар эркиндикке чыкан сон алар Лондонго көчө качышкан.

Англичанджар мындан тышкары Индияда “Жамаат –аль-Исламияны уюштурушкан. Алар дагы Пакистанда таасирдүү.

1927-жылы Сауд Аравиясы англичандардын колдоосу менен Ваххабиттердин колуна өтүп официалдуу дин болуп жарыяланган. Акрындап АКШ Саудияга аскер базасын орнотуп биротоло көзөмөлгө алган.

-- Ислам терроризми 1980-жылы Авганистанга советтик Армиянын чектелген контигенти киргенде жана 1979-жылдагы Ирандагы револция маалында пайда болуп, бышып жетилди. Себеби, ислам террористтери ошол учурда Батышты жана биринчи кезекте АКШны; “Бизге жардам бергиле Советтик Армияны өзүбүз эле талкалап кууп чыгабыз” деп ынандырып, алардан курал-жарак ж.б. ар тараптуу жардамдарды алышкан.

Азыр талибдер англичандардын куралы, үйрөтүүсү менен Авганистанды ээлеп, англичандардын нускоосу менен тажиктердин чек арасына аскерлерин жакындатып, ал аркылуу Борбор Азияга сес көрсөтүп, кырданып турган учуру...

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости