www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО – Нурбек Токтакуновду күч кызматкерлери кармап кетти

Жактоочу Нурбек Токтакуновду бүгүн, 25-мартта, эртең менен атайын күч кызматкерлери келип, үйүнөн алып кеткен. Бул тууралуу Бакытбек Автандил билдирди.

Бакытбек Автандил окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук милициясына жөнөп жатканын айтты. Ал эми райондук милициянын басма сөз кызматы азырынча маалымат бере элек.

Эске салсак, кечээ, 24-мартта, Биринчи май райондук соту Токтакуновду Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси («майда бейбаштык») боюнча Кыргызстандын бардык судьяларына акаарат келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости