www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка лидери Жозеф Байден АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары - эгерде Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонууну чечсе, «жооп кайтара турганын» билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Биздин кадамдын мүнөзү жасалган аракетке жараша болот», — деп билдирген Байден.
Белгилей кетсек, буга чейин Байден – Орусия бийлиги химиялык жана биологиялык куралга ээ экенин, аны АКШ менен Украинага каршы колдонууну карап жатканын айтып чыккан.
РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков бул билдирүүнү кара өзгөйлүк жана жалаа катары баалап, өлкөдө андай куралдын бири да жок экенин белгилеген. Ошол эле маалда Пентагон – Орусия химиялык жана биологиялык куралды колдонот деген маалыматы жок экенин айткан.
Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков украин улутчулдары уулуу заттарды колдонуу менен чагымчылдык жасап, бул аракеттерин орус аскерлерине түртө салышы мүмкүн экенин эскерткен.
Мындан тышкары, Орусиянын Вашингтондогу элчилиги «Украинанын радикалдык топтору Американын атайын кызматтарынын көзөмөлү менен карапайым калкка каршы чагым жасоо үчүн уулуу химикаттарды колдонуунун бир нече сценарийин даярдаганы» Москвага маалым экенин белгилеген. Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ азыркыга чейин аскер тармагында колдонулчу уулуу заттардын корун жок кылбаганын эске салган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg