www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден украиналык кесиптеши Владимир Зеленский Орусия 24-февралда атайын операция баштайт деген эскертүүлөргө көңүл бурбаганын айтты, деп жазат Bloomberg.
Америка Кошмо Штаттарынын башчысынын айтымында, көптөр Украинада согуштук аракеттердин башталышы тууралуу айтып жатып, көбүртүп-жабыртып жатат деп ойлошкон.
"Эч кандай шек болгон жок. Зеленский да муну башкалар сыяктуу эле уккусу келген жок", - деп Байден өзүнүн айланасындагыларды айыптады.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Буга чейин АКШ Конгресси Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү чечимин кабыл алган. Анын ичинен 20,4 миллиарды аскердик жардам берүүгө жумшалары белгилүү болгон.
Ал эми Германия Украинага убада кылган Gepard зениттик куралдарын жеткире албай калганы айтылган. Буга снаряддын жетишсиздиги себеп болгон.
Булак: NazarNews.kg