www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакшы атанын уулу. Бул «Уул жакшысы урмат» деген накылга жооп берет. Жакшы уул - ал ата мурасы, атанын калтырган табериги. «Баланчанын уулу элдик чыкты, атасы өлбөптүр, минтип уулу анын асыл иштерин улап олтурат. Эл үчүн, жер үчүн миң толгонот, ошончо ойлонот».
Тескерисинче, жакшыдан мөөн, (мөөн - малдын ички ичеги-карын органы, жамандан жаан -күтүүсүз чыккан жакшы сапат), мында жакшы атаны жер каратуу, көккө чыгаруу. Арийне, андай кайчы касиеттер журт башында тургандар менен карапайым, караборчо адамдардын арасында көп баамдалууда.
А, мүмкүн, алардын түпкү гендеринде ушундай сапаттар бардыр...
Жакшы эненин перзенти. Акыйкатта, жаратылыштын жолу ар кандай, болумушта сын жок. «Кыздуу үй кызга сын такпа, уулдуу үй уулга сын такпа» - дейбиз. Жакшы энелер өрнөктүү сапаттары менен журт көзүндө жүрөт.
Жаман-жакшылыкта билинет, аял затынын милдеттери зор. Андан алар тап жылдырбайт, тейлейт, тескейт, акылга шерик эринин бактысына бир жаралган анын сый-сыпат айылына, эли-жерине таралат. Акылы, өңү-түсү шайкештелген зайыптын колунан чыккан кыз, эне таалим аркылуу жолун жолдойт.
«Ал жакшынын мүнөзү, энеси ошондой нускалуу ургаачы, жердиги мыкты, тегинде жатат» - сыяктуу алкоолорго татыйт, тескерисинче, жатыны жаман болуучуга тогоп коебуз.
Ургаачылардын мансап-дөөлөтү. Илгери ургачылардан мансап, бийлик ээлери анча чыкпаган. Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан датка ж.б. көрүнүктүүлөр тарыхта айтылат.
Кыз Сайкал баатырдык аркылуу «Кыз Сайкал» бойдон калууда. Жаңыл мырза ургаачылардын ичинен көзгө атаар мерген, эркекче кийинип, жоо-жарактарын асынгандыктан «мырза» аталууда.
Курманжан эл башында туруп, бийликти, саясатты эркекче жүргүздү, ошол кыйындыгы үчүн «датка» аталды. Аны даткайым десе да жарашмак, кийин кыздар, зайыптар уруят чыккандан баштап, үстөл ордуна келишти.
Бул эркек-аял тең укуктуу саясатынын шарапаты. Советтик, партиялык кызматтарда болуп, өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн айлакердикте көрсөтүп жатышат. Салт-каада салтына келсек жубан - турмуш танган ургаачы.
Ал журт сураса «төрайым» деш - туура атоо. Себеби ал айым. Кээ бир кыздар бар, али турмушка чыга электе эле, эл башында олтурат. Аны деле «төрайым» дейбиз.
Албетте, бул жаңылыштык, жубан менен кыздын айырмасын элдик каада-салтта ачык айтылат. «Төрбийкеч» деп атоо туура болоор. Себеби беш көкүлү кичүүсү, бийкечи бир аз улуусу, айырмасы бир-эки жаш.
Элүүлөрдү эңиштеп, алтымышка жол тарткан ургаачы инсандар бар. Муну кантип «төрайым» дейбиз, салт боюнча «төрбайбичеси» деш оң. «Господин» дегенди «мырза» деп алышып, азыр сексенден ашкан карыялар деле салтыбызда жок «мырза» аталып жүрүшөт.
Төрайым, канайым, төрбийкеч, төрбайбиче, мырза-деген түшүнүктөргө астейдил мамиле кылуубуз керек.
Маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун китебинен
Булак: NazarNews.kg