www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Организмде витамин, минералдар жетишсиз болсо адам тез чарчап, башы ооруп, маанайы түшүп, ден-соолугунда ар кандай көйгөй жаралат. Бул тууралуу дарыгер-эксперти Оксана Гизингер "Известия" басылмасына билдирген.
Дарыгер витамин, минералдарды адис менен кеңешип колдонуу керектигин айтып, ашыкча, көзөмөл жок иче берүү да болбой турганын белгилеген.
"Адатта витамин, минералдарды тамак-аштан алабыз. Аны жетиштүү көлөмдө колдонбой калганда адамдын организми алсырап кетет. Ага кошумча, көп кыймылдабай отура берүү, уйкунун бузулушу, стресс, спирт ичимдигин ашыкча колдонуу кырдаалды ого бетер курчутат. Азыктандыруучу заттар жетишпеген учурда бардык органдардын иши да бузулушу ыктымал. Адамдын бат жини келип, маанайы чөгүп, чачы түшүп, териси кургай баштайт", — деген адис.
Медик организмде кайсы витамин жетишсиз экенин анализ тапшырып билсе болорун кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg