www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңжал бүткөнгө чейин Украинаны НАТОго кабыл алуу Россия менен түздөн-түз кагылышууга алып келет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден билдиргенин RT телеканалы жазды.

Байдендин айтымында, Вашингтон "НАТОнун ар бир дюймун толук коргойт".

"Эгер согуш чыкса, биз баарыбыз ага катышабыз", — деди ал.

Ошону менен катар президент эгер иштер ушундай жол менен кетсе, АКШ Россия менен согушуу абалына келет деген пикирин билдирди. Ал Москва менен жаңжалы күчөп жаткан маалда Киевди альянска чакыруу боюнча НАТОнун өзүндө консенсус болбой жатканын белгиледи.

Байден жаңжал бүткөндөн кийин Кошмо Штаттар Украинага Израиль сыяктуу коопсуздук кепилдигин камсыздап берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок мындай чечим салгылашууну толугу менен токтотуп жана тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин гана кабыл алынышы мүмкүндүгүн белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости