www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Джо Байдендин администрациясы Мексика менен чек арага дубал курууда жаралышы мүмкүн болгон мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу үчүн Техас штатынын түштүгүндө 26 федералдык мыйзамды колдонуудан баш тартканын билдирди.
"Америка үнү" белгилегендей, бул азыркы президенттик администрация мындай кеңири ыйгарым укуктарын колдонууга ниеттенген алгачкы учур болуп калды. Дональд Трамп президент болуп турганда администрация мындай ыйгарым укуктарын көп жолу колдонгон.
Азырынча чек арага дубал куруунун деталдары тууралуу кеңири маалымат бериле элек. Болгону ал Техас штатынын Старр округунда курулары гана белгилүү.
Чек аранын дал ушул бөлүгүндө өлкөгө мыйзамсыз кирген мигранттардын саны эң көп катталууда. Өкмөттүн статистикасына ылайык, 30-сентябрда аяктаган 2023-финансылык жылдын ичинде чек аранын бул жеринен 250 миңге жакын адам мыйзамсыз өткөн.
Булак: NazarNews.kg