www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги автобустарга орнотулган камералар жол эрежеси бузулганын каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаменти билдирди.

Мекеме коомдук транспорт үчүн чийилген тилкеге жол белгилери коюлганын кабарлап, ал жакка автоунаалар киргенге болбой турганын эскертти. Мындай жерлерде Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын өкүлдөрү эреже бузгандарды көзөмөлдөөдө.

"Бишкекте жүргөн жаңы автобустарга сүрөт жана видео тартканга төрттөн камера орнотулган. Пилоттук долбоордун алкагында муниципалитеттин кызматкерлери жол эрежесин бузуу фактысы бар-жогун аныктоо үчүн видеолорду көрүп чыгат. Эгер эреже бузулса, патрулдук милицияга жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы мамилеге көз салуу үчүн салонго дагы камералар коюлганы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости