www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжин менен Вашингтондун мамилесин калыбына келтирүүнү каалайт. Бул тууралуу 20-июнда АКШнын президенти Жо Байден Калифорниядагы шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултуу боюнча жыйында билдирди.

«Биз Си Цзиньпин мамилени жаңырткысы келген кырдаалда турабыз. Энтони Блинкен (АКШнын мамлекеттик катчысы) жаңы эле ошол жерде болуп, жакшы иш жасады, бирок бул убакытты талап кылат», - деди ал.

Америкалык лидер Кытай учурда реалдуу экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгиледи.

Байдендин айтымында, Си Цзиньпин Вашингтондун төрт тараптуу коопсуздук диалогу – Quad (Австралия, Индия, АКШ жана Япония) алкагындагы ишине тынчсызданган. Байден белгилегендей, төрт мамлекетти бириктирүү сунушу Кытай президентин тынчсыздандырган.

Жо Байден Си Цзиньпин ага телефон чалып, мындай кылбасын деп суранганын, анткени бул аны кыйын абалга алып келиши мүмкүн деп ырастоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости