www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш Эсеп палатасынын 2022-жылга карата отчетун кабыл алды.

Өткөн жылдагы аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Эсеп палатасы тарабынан 46 миллиард 101 миллион сомго каржылык тартип бузуулар жана 404 процессуалдык мүнөздөгү мыйзам бузуулар аныкталган. Жалпысынан аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен 15 млрд 544 млн сом компенсация төлөнүүгө тийиш болсо, анын 7 млрд 174 млн сому толтурулган.

Мамлекеттик сатып алуулар тармагында аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 1 миллиард 662 миллион сомду түздү. Аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасынын 534,6 миллион сому компенсацияланууга тийиш. 174,7 миллион сомдук зыяндын орду толтурулду.

Эсеп палатасы укук коргоо органдарына 14,9 миллиард сом, 84 миң доллар жана 927,5 миң евро өлчөмүндөгү 89 аудит материалдарын жөнөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости