www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк биримдигине өтүп, “Туран” мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу пикирлер айтылууда. Менимче, бул шашылыш кадам. Бул тууралуу Бишкекте “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Астана саммиттеринин жыйынтыгы. Кыргызстандын интеграциялык процесстердеги ролу” аталышындагы тегерек столдо эл аралык маселелер боюнча эксперт Байкадам Курамаев билдирди. Анын айтымында, ар башка согуштук блоктордо жайгашканыбызды эске алып, Түркия менен сүйлөшүүлөрдү эки тараптуу мамилелердин негизинде куруу зарыл.
«Белгилүү болгондой, Астанада үч саммит өтүп, ага Кыргыз Республикасы катышкан. Бул АӨСШК саммити, КМШ саммити жана биринчи жолу “Орусия+Борбор Азия” жыйыны өттү. Биздин өлкөнүн бул үч саммитке катышуусу Кыргызстандын бул үч ассоциацияга кызыкдар экенин көрсөтүп турат. Учурда өлкөбүздүн коопсуздук маселеси абдан курч, ошондуктан мындай саммиттерге катышуу бул көйгөйлөрдү эң жогорку деңгээлге көтөрүүгө, катышуучулардын пикирин жана коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн кандай ыкмаларды колдонсок болорун көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда коңшулар ортосунда келип чыккан маселелер абдан курч. Кыргызстан бул маселелерди дипломатиялык мамилелердин алкагында, диалогдун алкагында чечүүгө аракет кылууда. Бул саммиттерге катышуу бизге дагы бир жолу ушуга көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет. Биз ЖККУнун алкагында бир союздабыз жана бул маселени чечүүнү өз кезегинде Владимир Владимирович Путин сунуштады. Биз кайрылуубузга оң жооп ала алдык. Азыр биздин жакынкы коңшубуз менен ортобуздагы жаңжалды жөнгө салууга ЖККУну тартуу маселеси каралып жатат. Кыргызстан өзү мүчө болгон бирикмелердин ишинин натыйжалуулугун карашы керек. Бул учурда аталган маселени ЖККУнун алкагында чечүү керек, анткени биз бирдиктүү аскердик альянстабыз. Бирок биздин жетекчилик башка мамлекеттерге да кайрылып жатат. Атап айтканда, Түркияга. Жакында эле Кыргызстан дагы бизге жакын мамлекет болгон Түркиядан тиешелүү аскердик техникаларды алып жатканын көрдүк. Түрк биримдигине — «Туран» мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүнө өтүү керек деген айрым пикирлер айтылууда. Бул шашылыш кадам деп ойлойм, анткени биз Түркия менен ар башка аскердик түзүлүштөрдөбүз. Мындай учурда Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар башка аскердик блоктордо болгонубузду эске алуу менен мамилелерди эки тараптуу мамилелердин негизинде түзүш керек», — деди Байкадам Курамаев.
Булак: NazarNews.kg