www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Астана саммиттеринин жыйынтыгы. Кыргызстандын интеграциялык процесстердеги ролу” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын катышуучулары кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакты да талкуулашты. Атап айтканда, Коргоо министринин экс-биринчи орун басары, профессор Мурат Бейшенов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде эки өлкөнүн ортосунда ортомчулар, мисалы Казакстан же Өзбекстан болушу зарыл экенине көңүл бурду.
«Баары согушка даярданып жаткандай. Экономикасы өтө жогорку деңгээлде эмес өлкөлөрдө да. Мисалы, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы ири куралдуу кагылышуудан кийин саясат ачык болуп, коопсуздук туруксуз болуп калды. Чек арадагы 300 чакырымды түзгөн талаштуу аймак боюнча келишим максатына жетпейт. Бизге ортомчу керек. Эмне үчүн Казакстан менен Өзбекстанды ортомчу катары тандоого болбосун? Орусияга келсек, ал азыр бир топ ыңгайсыз абалда. Чек ара маселесин экономикалык жана дипломатиялык жол менен чечсе болот. Кыргызстандын экономикасы да, тажик экономикасы да согушту көтөрө албайт”, - дейт аскер эксперти Мурат Бейшенов.
Булак: NazarNews.kg