www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байсалов: «Бир ууч акмак» кыргыз элинин өкүлү боло албайт

19-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнү болуп өткөн окуяга байланыштуу Кыргызстан эл аралык университетинин Медицина факультетинин жатаканасына барган.

Ал чогулган чет элдик студенттерге жана мугалимдерге айрым бейбаштар тарабынан жасалган иштер үчүн кечирим сураган.

Ошондой эле Байсалов эркин журналист Ыдырыс Исаковго берген интервьюсунда төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Кыргызда мусапыр деген сөз бар. Биздин тарбиябыз, маданиятыбыз элибиздин канында. «Бир ууч акмак» кыргыз элинин өкүлү боло албайт. Биз чет элдик студенттеррди жакшы көрөбүз. 10-15 жыл аралыгында келген студенттердин бирөөсү кылмыш жасаган жок. Келечекте булар медицина кызматкери болот, көпүрө болуп берчү адамдар. Кашыктап чогулткан аброюбузду бир заматта жоготуп жатабыз»,-деди Байсалов.

Эскерте кетсек, 13-майда Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

18-майга караган түнү миңге адам окуя болгон хостелге топтолгон. Ага байланыштуу жерине милиция кызматкерлери тартылып, чогулгандарды таркаткан.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости