www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сулайман-Тоого кирүүчү жолдорубактылуу жабылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, 18-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн.
Бүгүнтөн тартып тоодогу туристтик жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлө баштады. Буга байланыштуу туристтик жолдор менен Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн жабык.
“ӨКМ тарабынан мониторинг иштери жыйынтыкталып, коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө режими калыбына келтирилет”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg