www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Окуу жайлар студенттердин акчасын алып байыганды билет. Бирок эмнеге алардын коопсуздугун карабайт". Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүнкү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайлар чет өлкөдөн келген студенттердин эсебинен байып, бир топ иштерин жасап алды. Мисалы, Ош мамлекеттик университети инфраструктурасын жакшыртып алды. Анткени чет элдик студенттердин көбү – 15 миң 654 чет элдик студент ушул жакта окуйт экен. Алардын көбү Индия, Пакистандан келгендер. Эми аларга ушундай мамиле кыла берсек Казакстан менен Өзбекстанга кетип калышы мүмкүн. Окуу жайлар студенттердин акчасын алып байыганды билет. Бирок эмнеге алардын коопсуздугун карабайт. ИИМ менен же коопсуздукту караган компаниялар менен келишим түзүп иштеш керек болчу”, - деди депутат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости