www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Бишкекте 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда орун алган окуя тууралуу билдирүү жасады.
"Калп-чыны аралаш ар кандай боектор сүртүлүп, видео материал жайылткандардын кесепетин көрдүк. ИИМ окуянын себепкерлерин кармап, чара көрүп жаткан. Бирок бул кырдаалды башка күчтөр пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү.
Күч органдарына окуяны көзөмөлгө алууну тапшырып, көзөмөл кылып турдум. Башталышында стунденттер жашаган жерге кол салып жиберген тентектер болду, алар жоопко тартылат. Эми тартипти орнотобуз. Биз дагы патриотпуз, өлкөнү өнүктүрүүгө бардык аракетти көрүп жатабыз. Бирок өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт, ал үчүн сот бар.
Бардык өлкөлөр сырткы мамлекеттер менен байланышта жашайт, бул өнүгүүнүн классикалык түрү. Кыргызстан да ушундай жолго өткөн. Туристтерди тарталы деп жатабыз, бирок келген ырыскыбызды тээп жаткандай сезилет. Биздин да балдарыбыз чет жакта жүрөт. Алар да ушундай мамилеге учурап калышы мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы. Сырттан келгендер билиМ алып, иштеп, акыры өз мекенине кетет" , — деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда башаламандык орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg